Марал Радиосу

БУУ Газа секторуна ири көлөмдө жардам жеткирди

Газа секторуна ири көлөмдөгү гуманитардык жардам жеткирилди. Маалыматты Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык маселелерди чечүү боюнча башкармалыгы сайтына жарыялады.

Маалыматка караганда, оор жүк ташуучу 200 унаа 24-ноябрда жөнөтүлүп, 25-ноябрда Египет-Газа чек арасындагы Рафах бекети аркылуу секторго кирген.

Газага негизинен 129 миң литр күйүүчү май, 4 цистерна жаратылыш газы, азык-түлүк, тамак-аш, таза суу, дары-дармек жеткирилген. Аны менен катар оор абалда жаткан 20дан ашуун бейтап Газанын түндүгүнөн коопсуз аймакка көчүрүлгөн. Жүздөгөн-миңдеген адамга ар кандай жардам көрсөтүлгөн.

Булардан тышкары «Аш-Шифа» ооруканасына 11 «Тез жардам» унаасы, 3 автобус, бир чакан жүк ташуучу унаа берилген.

Айта кетсек, Египет, Катар, АКШ мамлекеттеринин ортомчулугу астында Израил менен ХАМАС 22-ноябрда согушту 96 саатка токтотууга макулдашып, тынчтык келишим 24-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 7:00дө күчүнө кирген. Бул согуш башталган 7-октябрдан берки ири элдешүү болуп саналат.