Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Атайын адистештирилген ротасы тарабынан өлкө аймагында «Рулда» аталышында профилактикалык багытта рейддик иш-чара өтүүдө.
Ошонун алкагында 24-ноябрга караган түнү Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облусунун аймактарында Атайын рота тарабынан жалпы 31 мас айдоочу кармалды.
Рейддик иш-чарада айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айрыкча ылдамдыкты ашырып айдагандарга жана мас абалында унаа башкарган айдоочуларга катуу чаралар көрүүүдө.