Марал Радиосу

Агроөнөр жай тармагына 5,6 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

Кыргызстанда 2023-жылдын 20-октябрына карата агроөнөр жайга 5,6 млрд сомго 4 миң 40 жеңилдетилген насыя берилди.

Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун ишке ашырууну каржылоонун көлөмү 17 млрд сомду түздү.

Тагыраагы, «Айыл Банк» 11,1 млрд сом,«РСК Банк» 5,9 млрд сом бөлдү.

Банктарга бөлүнгөн бул каржат агроөнөр жай ишкерлерине жеңилдетилген насыяларды берүү үчүн каралат.

Exit mobile version