Марал Радиосу

Садыр Жапаров Ильхам Алиев менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-ноябрда Азербайжандын Баку шаарына болгон иш сапарынын алкагында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Президенттер соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады. Ильхам Алиев келерки жылы Садыр Жапаровдун Азербайжанга жооп иретинде мамлекеттик сапарын күтүп жатканын айтты.

Кыргызстан менен Азербайжандын парламенттеринин, өкмөттөрүнүн жана тармактык мекемелеринин ортосунда кызматташуу активдешкени белгиленди.

Президент былтыр октябрда Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары учурунда Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фонду түзүлгөнүн эске салды. Учурда уюштуруу, укуктук жана финансылык маселелерди жыйынтыктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Садыр Жапаров 23-ноябрда БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен барган.

Exit mobile version