Нарын облусунда жаңы туристтик жол белгилери пайда болду. Аларды Кыргызстандагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду маалыматтык навигация долбоорунун алкагында орнотууда.
Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорундагы белгилер Таш-Рабат, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Көл-Суу көлдөрүнө, Кажырты шаркыратмасына, Каратал-Жапырык коругуна, Эки-Нарын капчыгайына жана башка популярдуу жерлерге чейинки аралыкты көрсөтүп турат.
Бул долбоор боюнча Нарын облусуна жалпысынан 16 белги орнотулду. Келечекте алар өлкөнүн бардык аймактарында пайда болот.