Марал Радиосу

Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен барды. Аны биринчи вице-премьер-министр Эюбов Ягуб Абдулла тосуп алды.

Кыргызстандан барган расмий делегациянын курамы:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев;

— Кыргызстандын Швейцариядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси — Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Омар Султанов;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев.

Exit mobile version