Араван районунда 9 жылдан бери бүтпөй турган мектеп бүткөрүлүп, колдонууга тапшырылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тоо-Моюн айылындагы «Кызыл-Талаа» мектебинин курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2014-жылы башталган.
«Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1780,3 чарчы метрин түзгөн билим берүү объектисинин долбоордук кубаттуулугу 225 орунга эсептелген», — деп айтылат маалыматта.
Жаңы мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн: негизги класстардан сырткары компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, дарылоо кабинети, китепкана, ашкана жана концерттик зал.