Марал Радиосу

Кыргызстанда курч респиратордук инфекцияларга чалдыккандар көбөйдү

Кыргызстанда дем алуу органдарынын курч кармачу респиратордук түрү менен ооругандар көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 13-19-ноябрында республика боюнча 4665 учур катталды.

Өткөн жумага салыштырмалуу курч кармоочу респиратордук илдет менен ооругандардын 23,9%га өскөнү байкалды. Бейтаптардын 64,2%ы 14 жашка чейинки балдар.

Exit mobile version