Азия өнүктүрүү банкы Бишкектин абасынын булганышына байланыштуу баяндамасын жарыялады. Аны аталган банк Германиянын GIZ эл аралык кызматташтык коому жана БУУнун беш агенттиги менен биргеликте иштеп чыккан.
Баяндамада айтылгандай, Бишкекте абанын булганышы кышында кооптуу деңгээлге жетет. Бул абанын сапаты боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун стандарттарынан дээрлик 30 эсе ашат, ошондой эле туристтер жана инвесторлор үчүн борбордун жагымдуулугун төмөндөтөт.
Бишкектин абасынын булганышы эрте өлүмгө жана ооруларды пайда кылгандыктан жыл сайын 20 миллион доллардан ашык экономикалык жоготууларга алып келет. Кары-картаңдар жана балдар өзгөчө коркунучта.
Бишкектин абасынын булганышынын негизги булагы жылуулук үчүн көмүр жагуу экенин бир нече изилдөөлөр аныктаган.
Абанын булганышына каршы күрөштөгү артыкчылыктуу иштер — көмүрдү колдонуудан баш тартуу, экологиялык таза коомдук транспортту өнүктүрүү болуп эсептелет.
Көмүр менен жылытуудан баш тартуу чоң инвестицияны талап кылары айтылат. Көмүрдөн толук баш тартуу 750 миллион долларды түзөт жана өлкөнүн ички дүң продукциясынын 7 пайызына барабар болот.
Мэрия кара түтүн маселесин 2022-жылга чейин чечет
«Абанын булганышынын алдын алуу иш-чаралары биринчи кезекте имараттарды жылытууга багытталышы керек. Калк жыш жайгашкан аймактарда борбордук жылуулук тармактарын кеңейтүү керек. Жылуулук насостору жеке үйлөрдө көмүр менен жылытууну алмаштыруу керек», — деп айтылат баяндамада.
Жыйынтыктап айтканда, коомдук транспортту өнүктүрүү абанын булганышын жана жол тыгынын азайтат деп белгиленет. Дизель менен жүрүүчү автобустарды, кичи автобустарды экологиялык жактан таза моделдерге алмаштыруу керек. Ал эми атайын автобус линиялары негизги багыт болуп калууга тийиш.