Марал Радиосу

Ташиев уюшкан кылмыштуу топтордон канча акча түшүп жатканын айтты

«Өлкөдөгү бардык кирешелүү объектилерде бандиттердин үлүшү бар болчу, биз аларды мамлекетке кайтарабыз. Жалпысынан 1,2 миллиард долларга жакын акчалай жана мүлк түрүндө өлкөгө кайтарылат».

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 23-ноябрдагы жыйынында айтты.

«Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү алкагында 1 млрд 200 млн доллардан ашык акчалай жана мүлк түрүндө мамлекетке өткөрүп берип жатабыз. «Күрмөнтү» цемент заводу кылмыштуу топтордун колунан алынды. «Ай-Пери» деген чоң бизнес борбор бар, сулуулук салону болуп калган, ал жер да бандиттердин колунан алынды. Аны да 20-25 млн долларга баалап, сатып жатышат.

Таш-Көмүрдөгү «Кристалл» заводу жана башка имараттарда алардын үлүштөрү болгон. Азыр баарын мамлекетке алып жатабыз. Кечээ эле Камчы Көлбаевдин 10 млн долларлык каражатын таап чыктык, нак акча түрүндө өткөрүп беришти» , — деди Камчыбек Ташиев.

Ал кылмыштуу топтордон өндүрүлгөн каражат УКМКнын депозиттик эсебине түшүп, андан ары президенттин фондуна же мамлекеттик бюджеке которуларын айтты. Мүлктөр болсо мамлекеттик мүлк фонду аркылуу өкмөткө түшүп, андан ары иштетүү жагы каралат.

Exit mobile version