Марал Радиосу

Президент Жапаров Лукашенко менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 22-ноябрда Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолугушту.

Президенттер эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын күн тартибин талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы өз ара аракеттенүүнү эки өлкө элдеринин кызыкчылыгында бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.

Садыр Жапаров иш сапары менен Минск шаарына барды. Жапаровду Беларустун премьер–министринин орун басары Анатолий Сивак тосуп алган.

Мамлекет башчы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Exit mobile version