Марал Радиосу

Камчы Көлбаевдин 720 батири мамлекетке өткөрүлдү

Жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин 720 батири жакындарынын өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев билдирди.

Анын айтымында, сөз курулуш иштери 2027-жылга белгиленген бүтө элек батирлер жөнүндө болуп жатат.

Ошондой эле ал 2023-жылдын 10 айында 38 жер тилке жана үй, 356 унаа мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөнүн белгиледи.

Exit mobile version