Марал Радиосу

«Айыл чарбасын каржылоо — 11». 3,29 млрд сом насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо — 11» долбоору боюнча дыйкан-фермерлерге 3 млрд 297,9 млн сом насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен министрлигинен билдиришти.

Насыя өлкөнүн 7 миң 336 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө берилди.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, насыялоонун көлөмү 3,3 млрд сом.

Аталган долбоорду ишке ашырууну улантуу максатында Министрлер кабинетинин тескемеси менен «Айыл чарбасын каржылоо – 11» долбоору бекитилген.

Exit mobile version