Марал Радиосу

Футбол: Кыргызстан Омандын командасын утту

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамы командасы Омандын командасын 1:0 эсебинде утуп алды.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 21-ноябрда өттү.

Кыргызстандын командасынын жарым коргоочусу Одилжон Абдрахманов оюндун экинчи бөлүгүндө бир гол киргизди.

Кыргызстан D тайпасында буга чейин Малайзия менен ойногон. Эми Кытайдын Тайбэйи менен оюн өткөрөт.

Азия футбол конфедерациясынын (АФК) зонасында 16-ноябрда дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын 2-туру башталган. Бул этапка 36 команда катышууда.

10783 көрүүчү