Марал Радиосу

ЖК комитети шайлоого катышпагандарга айып салуу долбоорун биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети жарандарды шайлоого катышууга милдеттендирген жана атуулдук милдетин аткарбаган учурда айыппул салуу боюнча мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Тазабек Икрамов.

Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдеттери жарандардын шайлоолордо жана референдумдарда өз ыйгарым укуктарын түздөн-түз жүзөгө ашыруусун толук камсыз кылуу болуп саналат.

Мыйзам долбоорунда жүйөлүү себептери бар адамдарды кошпогондо, президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого өлкөдө жашаган бардык жарандар катышууга милдеттүү деген норманы киргизүү сунушталууда.

Эгер жаран шайлоого себепсиз келбесе 5 миң сом айып пул төлөйт. Бирок шайлоочу эмне үчүн атуулдук милдетин аткарбаганын кантип жана ким текшерери белгисиз.