Марал Радиосу

Депутат Надира Нарматова «Билим берүүнүн отличниги» болду

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова «Билим берүүнүн отличниги» наамын алды. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.

Депутатка наамды билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өзү тапшырган.

Министрлик бул боюнча расмий маалымат бере элек.