Марал Радиосу

Өзбекстанда 267 метрлик имараттын курулушу аяктады

Өзбекстандагы асман тиреген алгачкы турак жай 267 метр бийиктикте жана элүү кабаттан ашат. Имараттын курулушуна 27 миң тонна темир, 150 миң тонна бетон жана миңден ашык адамдын эмгеги жумшалды.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышканын Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Nest One имараты өлкөдөгү эң бийик турак жай болуп калды. Имаратта 1029 батир жана 29 жогорку ылдамдыктагы лифт бар.

Murad Buildings жана түркиялык Özgüven Mimarlık компаниясы ишке ашырган долбоордун жалпы баасы 150 миллион АКШ долларын түзөрү маалымдалган.

Имарат 2019-жылы салына баштаган, учуда андагы батирлердин, кеңселердин көбү сатылып алынганы айтылды. Батирлердин, кеңселердин жана соода жайларынын ээлерине кадастрдык документтерди этап-этабы менен өткөрүп берүү иштери жүрүп жатат.