Марал Радиосу

Мэрия: Иш ордунда ичимдик ичкен кызматкерлер жумуштан алынды

«Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмгек тартибин бузгандыгы үчүн иштен алынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Иштен алынган кызматкерлердин арасында»Бишкек асфальт сервис» ишканасынын инженер-энергетик, пландык-экономикалык бөлүмдүн башчысы, башкы эсепчи, диспетчери бар.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө кызматкерлердин биринин аялы күйөөсүнүн жумушуна келип, жаңжал чыккан. Анда бир топ кызматкер жумуш ордунда ичимдик ичип отургандыгы белгилүү болгон.