Марал Радиосу

Казакстан менен чектеш бекеттердин биринен өтүү убактылуу токтотулду

Бүгүн, 20-ноябрда саат 09:00дөн 11:00гө чейин мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан «Чалдыбар — автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда жарандарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулду.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Өтүүнү убактылуу токтотуу Тышкы миграцияны эсепке алуунун Бирдиктүү системасынын жаңылануусуна байланыштуу.