Марал Радиосу

АКШ соту: Экс-президент Дональд Трамп кийинки мөөнөткө талапкер боло алат

Колорадо штаттык соту АКШнын экс-президенти Дональд Трампты «2021-жылдын 6-январындагы Капитолийди басып алууга тиешеси бар» деп тапканын Associated Press агенттиги жазды.

Ошол эле учурда судья Трампты 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого катыштырбоо боюнча өтүнүчтөрдү четке каккан. Судьянын айтымында, анын «козголоңго» катышуусу талапкер болушуна тоскоолдук жаратпайт. Себеби андай ченем Башмыйзамда каралган эмес.

Буга чейин Мичиган жана Миннесот штаттарынын судьялары да «Дональд Трамп президенттик шайлоодо экинчи мөөнөткө талапкерлигин коё алат» деген чечим чыгарган.

Учурда Дональд Трамптын каршылаштары бул чечимдер боюнча Колорадонун жогорку сотуна даттануу берүүгө даярданып жатышканы айтылат маалыматта.