Марал Радиосу

Ош шаарында асфальт-бетон заводу курулат

2024-жылы Ош шаарында муниципалдык асфальт-бетон жана таш майдалоочу завод куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Завод куруудагы максат шаардын жолдорун сапаттуу оңдоп-түзөө экени айтылган маалыматта.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов завод салына турган Озгур айылына барып, тийиштүү тараптарга курулушка даярдык иштерин жүргүзүү, Муниципалдык менчик башкармалыгына ижара келишиминин шарттарын карап чыгып, карьер казып алуучулардан ижара акыны өз убагында төктүртүү тапшырмасын берген.

Белгилей кетсек, Ош шаарында карьер казгандар гектарына 500 сомдон жылдык ижара акы төлөп келишкен. 2023-жылдын август айынан тарта ал 300 миң сомго көтөрүлгөн.