Калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү акциясы Баткен облусунун Кадамжай районунда уланат.
Юстиция министрлигинен билдиришкендей, «Тилектештик автобус» кызматы Кадамжай районунда 21-ноябрдан 24-ноябрга чейин саат 10:00дөн 16:00гө чейин иш алып барат.
«Тилектештик автобус» кызматы Кадамжай районуна төмөнкү каттам менен жөнөйт:
- 21-ноябрда Кара-Дөбө айылына, айыл өкмөтүнүн имараты;
- 22-ноябрда Кызыл-Булак айылына, айыл өкмөтүнүн имараты;
- 23-ноябрда Каражыгач айылына, айыл өкмөтүнүн имараты;
- 24-ноябрда Майдан айылына, айыл өкмөтүнүн имараты.
«Тилектештик автобусу» сапарынын негизги максаты — МКЮЖ системасынын адвокаттары, Юстиция министрлигинин кызматчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тарабынан калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү болуп саналат.
Акциянын алкагында жер, турак жай, жарандык, үй-бүлөлүк, кылмыш-жаза жана башка укуктук маселелер боюнча кеп кеңеш алууга болот.