Марал Радиосу

Никаб маселеси: Качан жана кайсы учурда никаб тагууга болот?

Биздин коомчулук капкара кийинип, бетин тосуп алгандарды кабыл алуусу кыйыныраак. Мындай пикирин Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев “Марал” радиосунун «Ислам жана коом» программасына берген маегинде айтты.

“Биз шарияттык нормаларды элге түшүндүрүп, жеткирип берүүчү гана тарап болобуз. Ошондуктан эч кимди аткартып, мажбурлай албайбыз. Биз бир нерседен тыйып же буйруп койгонго укугубуз жок. Кооомдогу статистикалык маалыматтарга караганда өлкөбүздө 90%дын тегерегиндеги мусулман жашайт экен. Ошолордун кайсы бир бөлүгү намаз окуп, парздарды аткарат. Айрыкча аялзаты чоочун эркектерден коргонуу үчүн кээ бири хиджап кийсе, дагы башкалары никаб тагып жатат. Бул нерсе алардын ар биринин түшүнүгүнө байланыштуу. Ар бир мусулман өзүнүн алган маалыматына, ишенимине жараша амал кылат”, — деди Кадырбердиев.

«Хиджап – араб тилинен которгондо “тосуу” деген маанини билдирет. Муну туура түшүнсөк, аялдардын укугун чектөө деген мааниге жатпайт. Тескерисинче, аялга аяр мамиле жасоо, эркектердин жаман максатынан сактоо болуп эсептелет. Эгер эркек заты жарым жылаңач аялды көрсө көңүлүнөн эмнелер гана өтпөйт. Натыйжада бирөөнүн чырактай кызына зыян алып келген окуялар коомчулукта көп болуп кетти. Аялзатынын уяттуу жерлерин жабууда үч этап бар«:

  • Эң төмөнү парз болуп, аялдын жүзү, колу (билегинен ылдый), буту (кызыл томуктан ылдый). Кийимдин кездемеси калың, аялдын денеси билинбегендей деңгээлде болушу керек. Аялдарга куранда, хадисте буйрулган өлчөм ушул.
  • Ал эми ортончусун никап жамынуу же тагуу деп коебуз. Бул Кудай жана пайгамбар тарабынан буйрулган эмес. Буга аялзатынын такыбачылыгы артып, чоочун эркектерге таптакыр көрүнбөшү үчүн ушул баскычка көтөрүлөт.
  • Эң жогорку баскычы таптакыр үйдөн чыкпай коюу.

“Ошол никап кийген деңгээлге жеткен эже-карындаштарга ырахмат айтып кетем. Бирок биз мындайда коомго да карашыбыз керек. Ошол үчүн кыргызда “заманың түлкү болсо түлкү бол, бөрү болсо бөрү бол”, “заман сага бакпаса, сен заманга бак” деген сөздөр бар. Эми ошол иш-аракетибиз коомго чыкканда Ислам динине пайда же зыян келтирип жатканына карап көрүшүбүз керек. Мындай учурда эки жагыңа карап, зыяны азыраак болгон жакта турушубуз керек. Себеби биздин коомчулукта када-салт, үрп-адат, географиялык шартыбыз, климатыбыз жан ар кандай көз караштагы шартта капкара кийинип, чүмкөнүп алгандарды кабыл алуу кыйыныраак. — деп кошумчалады.

Анын айтымында, дагы бир жагдай, айрым өлкөлөрдө аялдар никаб кийбеген учурда алардын өмүрүнө же коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн. Мындай учурда коомдун кабыл алуусуна жараша никаб кийүү сунушталат. Ал эми Кыргызстанда аялдарга карата андай коркунуч абал же жагдай жок.

“Дагы бир нерсени эске алсак, Исламды жамынып кылмыш ишине барып жаткандар да толтура болуп кетти. Натыйжада укук коргоо органдары, коомчулук булардын баарынан күмөн санай баштайт. Бирок “бул менин кандай кийсем өзүмдүн укугум” деп чыга турган болсок, эми ислам динин таанып, жоолукка келип жаткан эже-карындаштарга зыян болушу мүмкүн. Ошондуктан коомго зыян бере турган нерседен баш тартып, биринчиде айтып жаткан парзды аткарып турсак дагы да жакшы болот деген ойдомун”, — деди Азирети муфтийинин орун басары.

Exit mobile version