Кыргызгидромет билдиргендей, 16-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз +15…+20,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн үшүк жүрөт, +2…+7, күндүз +17…+22,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12,
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-4, күндүз +6…+11.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +18…+20 градус жылуу болот.