Марал Радиосу

ТИМ: Екатеринбургда каза болгон кыргызстандыктын иши тергелүүдө

Орусиянын Свердлов облустук Тергөө комитети Екатеринбург шаарында каза болгон кыргызстандык жарандын өлүмү боюнча ишти тергеп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

3-ноябрга караган түнү болгон жол кырсыгынын чоо-жайын тактоо максатында Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери маркумдун жакын туугандары менен бирге Орусиянын Свердлов району боюнча Мамлекеттик коопсуздук инспекциясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча инспекциясынын тергөө бөлүмүнүн башчысы менен жолугушуу өткөрүштү.

Жыйындын жүрүшүндө тергөөгө чейинки жол-жоболор аяктагандыгы тууралуу маалымат берилип, учурда кылмыш иши тергөө комитетине өткөрүлүп берилгени айтылды.

Башкы консулдук тарабынан маркумдун жакындарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, 7-ноябрда кыргызстандык Алтынбек Камбаровдун сөөгү Кыргызстанга жеткирилген.

Exit mobile version