Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда Сауд Аравия Падышалыгына иш сапары менен барды.
«Сапардын алкагында мамлекет башчысы Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам Саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина-Израиль жаңжалын талкуулоо пландаштырылууда», — деди президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысыМуратбек Азымбакиев.