Марал Радиосу

Илим күнү: Илимий кызматкерлердин айлыгы эки эсе көбөйөт

Кыргызстанда бүгүн туруктуу коомду түзүүдө илимдин жана илимпоздордун ролуна зор маани берүү максатында илим күнү белгиленип жатат. Илим күнү өлкөдө 2002-жылда бери белгиленип келет. Жыл сайын бул күнү окумуштуулар жана илимий ишмерлер жасаган эмгектери үчүн мамлекет тарабынан сыйлык алат. Аталган тармактын айрым өкүлдөрү өлкөдө учурда илимге көңүл бурулбай жатканын белгилешсе, айрымдары тескерисинче мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп жатканын айтышууда. Өкмөт илим тармагына бөлүнгөн акча көбөйтүлүп, кызматкерлердин айлыгын эки эсе көтөрүүнү пландоо. Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн илим канчалык колдонулуп жатат? Мамлекетте илим өнүгүү жолуна түштүбү?

Жыл сайын 10-ноябрда белгиленүүчү Дүйнөлүк илим күнү илимдин коомдогу маанилүү ролун жана пайда болгон илимий маселелерди талкуулоого жалпы коомчулуктун катышуусунун зарылдыгын көрсөтүүгө багытталган.

Ошондой эле бул күн күнүмдүк жашоодо илимдин маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун көрсөтөт.

Медицина илимдеринин доктору Эрнис Тилековдун айтымында, илимсиз медицина тармагы өспөйт.

Ал мамлекет мурдагы жылдарга салыштырмалуу илим тармагына жакшы эле көңүл буруп жатканын белгиледи. Ошондой эле башка тармактарга караганда медицина тармагында илим жактагандар көп экенин айтты.

«Медицина тармагында медик деп жалпы жонунан айтылат. Анын ичинен ар кандай адистиктерге бөлүнөт. Мисалы хирургия, травматология, терапия жана башкалар. 50гө чукул ушундай тармак бар. Менин оюмча жетишкендиктер көп. Ар бир тармак боюнча диссертациялык топтор бар. Анда жаш дарыгерлер илим менен жумушун айкалыштырып алектенгендер бар. Медицина тармагында эң көп диссертациялык коргоолор болот».

Жыл башында Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмеси өткөн. Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эми жыл сайын мамлекеттик органдарга бөлүнгөн каражаттын 1%ы илимий изилдөөлөргө багытталарын билдирген. Болжолдуу түрдө өлкөдө илимий-изилдөө иштерине жылына 5 млрд сомдой бөлүнөрү айтылган.

Педагогика илимдеринин доктору Рахат Сулайманова бүгүнкү күндө педагогика тармагында көптөгөн илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп жатканын айтат.

Ал жогорку окуу жайларда эмгектенген окутуучулардын бардыгы илим менен алектенерин белгиледи.

Сулайманова учурда жумушка орношууда да илимий даражасы бар адистерге суроо-талап жогору экенин кошумчалады.

Мындан сырткары ал педагогика илиминде кандай жылыштар байкалып жатканын айтып берди.

«Азыркы учурда илимге кызыккандар көбөйө баштады. Бакалаврдан кийин магистратура окуу маанилүү болуп калды. Аны окугандан кийин сөзсүз диссертациялык ишин коргошот. Магистрдык диплом алгандар кайсы тармакка барып иштесе да, алардын айлык маянасы, кесиптик даражасынын жана карьералык өсүшүнө да жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Магистратура менен чектелбестен, аспирантура, докторантурага тапшырып жатышат. Анткени акыркы убакта илимге көңүл бурула баштады».

Быйыл өлкөдө илимдин докторлору менен кандидаттарынын кошумча акысы 50%га жогорулатылган. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, илимдин доктору 1800 сом, ал эми илимдин кандидаты 900 сом кошумча акы алып келишсе, көбөйтүлгөндөн кийин кошумча акылар 2700 жана 1350 сомду түздү.

Ал эми экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров эгемендик алгандан бери өлкөдө илимдин абалы начарлап, көңүл бурулбай калганын айтат. Ал учурда илим тармагында кесипкөй адистердин жоктугун белгиледи.

Абдыров бүгүнкү күндө илим чөйрөсүндөгү көйгөйлөргө токтолду.

«Эң чоң көйгөй бул илимибизди иновациялык жаңы, заманбап технологияларга багыттабай жатабыз. Дүйнө жүзүн карап көрсөк башка мамлекеттерге илим ушинтип өнүгүп жатат. Дагы башка көйгөйлөр да бар. Мисалы мен илимий макала жазайын десем, аны жарыялоого бир канча каражат кетет. 2,3 илимий макала жазгам, ошону тапшырайын десем тоскоолдуктар көп болуп жатат. Ушундай жактарда мамлекет тарабынан колдоо көрсөтө турган чаралар болуш керек».

Бүгүн Улуттук илимдер академиясында белгиленген Илим күнүнө арналган салтанаттуу жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда илимий кызматкерлердин айлыгы эки эсе көбөйтүлөрүн айтты.

Көп жылдан бери алгач ирет Министрлер кабинети тогуз илимий-изилдөө долбоорун ишке ашырууга 110,7 млн сом бөлгөн. Анын ичинде археологиялык иштерди жүргүзүү, сейсмикалык райондоштуруу картасын түзүү, ДНК лабораториялык борборун ачуу жана Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакты бекемдөө иштери бар.

Келерки жылы илимди каржылоо көлөмү бир кыйла жогорулатылары айтылды.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2022-жылы академияда 1235 адам иштеген, алардын 125и илимдин доктору, 280и илимдин кандидаты болгон. Кызматкерлердин 52%ын аялдар түзөт.

Exit mobile version