Марал Радиосу

Илимий кызматкерлердин айлыгы эки эсе көбөйтүлөт

Кыргызстанда илимий кызматкерлердин айлыгы эки эсе көбөйтүлөт. Бул тууралуу 10-ноябрда Улуттук илимдер академиясында белгиленген Илим күнүнө арналган салтанаттуу жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов айтты.

Көп жылдан бери алгач ирет Министрлер кабинети тогуз илимий-изилдөө долбоорун ишке ашырууга 110,7 млн сом бөлгөн. Анын ичинде археологиялык иштерди жүргүзүү, сейсмикалык райондоштуруу картасын түзүү, ДНК лабораториялык борборун ачуу жана Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакты бекемдөө иштери бар.

Келерки жылы илимди каржылоо көлөмү бир кыйла жогорулатылары айтылды.

Байсалов Улуттук илимдер академиясы дүйнөлүк тенденцияларга көз салып, экономикага, билим берүүгө жана башка тармактарга инновацияларды ыкчам киргизүүнү камсыз кылышы керектигин, илим Кыргызстандын санариптик экономикага өтүшүн камсыз кылышы керектигин белгиледи.

Бүгүн, 10-ноябрь — Кыргызстанда илим күнү.

Exit mobile version