Марал Радиосу

Кыргызстанда адал эт паркын куруу пландалууда

Экономика министрлигинде 10-ноябрда адал эт паркын куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси тааныштырылды. Долбоордун максаты – Кыргызстанда адал стандартындагы этти кайра иштетүү паркын куруу үчүн инвестиция тартуу.

Техникалык-экономикалык негиздемени бир кыргызстандык жана эки малайзиялык компаниядан турган Консорциум иштеп чыккан.

«Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемеси менен «Аль Бадр» ЖЧКсы кызматташуу жөнүндө меморандумга  кол коюшту.

«Заманбап этти кайра иштетүүчү парктары нарк түзүүнүн натыйжалуулугун, эт азыктарынын сапатын жана коопсуздугун жогорулатат. Ички рынокто да, эл аралык соодада да жеткирүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы байланышты чыңдоо аркылуу мал чарба тармагын өнүктүрүүгө салым кошот» , — деп айтылат маалыматта.

Адал эт паркын курууга 54,4 млн сом жумшоо пландалууда. Долбоорду курууга жана ишке ашырууга Ислам өнүктүрүү банкы  инвестор болот.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 150дөн ашык жумушчу орундары түзүлөт, ошондой эле курулуш иштеринин жүрүшүндө 200гө жакын жумуш орундары түзүлөт.

Этти кайра иштетүү паркы 20 жыл ичинде өлкөнүн бюджетине 34 млн доллардан ашык каражат алып келери айтылды.

Exit mobile version