Марал Радиосу

Бишкекте «Жашыл экономика» форуму өтөт

Бишкекте 16-ноябрда «Жашыл экономика — 2023» форуму жана «Green EXPO — 2023» көргөзмөсү өтөт.

Иш-чараны JIA бизнес ассоциациясы, Экономика жана коммерция министрлиги бир катар уюмдардын колдоосу менен өткөрөт.

Форум «Дасмия» этно-комплексинде саат 9:00до башталат. Анда жашыл энергетика, жашыл транспорт, туруктуу каржылоо, түруктуу өнүгүү үчүн билим берүү маселелери талкууланат.

Green Expo көргөзмөсүндө эң акыркы үлгүдөгү «жашыл» технологиялар жана чечимдер сунушталат. Ар түрдүү ишканалардын жана банктардын стенддери коюлат.

Форум 2015-жылдан бери уюштурулуп келет. Өкмөт тарабынан 2019-жылы «Кыргыз Республикасынын жашыл экономикасын 2019-2023-жылдарга карата өнүктүрүү» программасы кабыл алынган.