Марал Радиосу

Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Тагыраагы, Бишкек — Ош унаа жолунун 81 чакырым аралыгына (Төө-Ашуу, Сосновка) чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

«Буга байланыштуу жолдун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматы боюнча, Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык. Ошондой эле Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда каттам ачык.

Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат, азыркы учурда жол кыймылына чектөө жок, өтмөк ачык.

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон жана Кызыл-Бел ашууларында учурда кар жаап жатат, унаа жол ачык.

Ысык-Көл облусунун Чоң ашуусунда күн бүркөк, учурда ашуу ачык, каттам бар.

Exit mobile version