Бишкектин Октябрь райондук соту «Авангард стиль» курулуш компаниясынын башкы директору Эрнис Миңкеевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү.
Бишкек шаардык сотунан 9-ноябрда билдиришкендей, ишкер өлкөдөн эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде үй камагына чыгарылды.
«Авангард стиль» курулуш компаниясынын жетекчиси октябрда камакка алынган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин («Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу») негизинде айыпталган.
ЖИА бизнес-ассоциациясы кармалган ишкерлер боюнча президентке кайрылды