Марал Радиосу

«Манас» аэропорту жолунда унаа жарыш уюштурган 12 айдоочу кармалды

«Манас» аэропорту жолунда унаа жарыш уюштурган 12 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Кармалгандардын арасында автобейбаштык жасаган жана кызматкерди сүзүп кете жаздаган унаанын айдоочусу дагы бар.

«Кармалган 12 айдоочунун ар бирине 15 миң сомдон айып салуу менен унаасы айып короо жайына киргизилди. Ал эми айдоочулар андан ары тийиштү чара көрүү үчүн тергөө кызматтарына жеткирилүүдө», — деп айтылат маалыматта.