Марал Радиосу

Ошто 3 аскер жол кырсыгына кабылып, бирөө каза тапты

Ошто 3 аскер жол кырсыгына кабылып, бирөө ошол жерде каза тапкан. Маалыматты Коргоо министрлигинен тастыкташканын «Спутник Кыргызстан» сайтына жарыялады.

Кырсык бүгүн, 7-ноябрда түнкү саат 00:40 чамасында болгон. Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында катардагы аскерлер бараткан унаа жүк ташуучу фура менен кагышкан.

Аскерлердин бири ошол жерден жан берген, экөө учурда облустук ооруканада жатат. Абалы оор экени кабарланды.