Марал Радиосу

2024-жылы Кара Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгы белгиленет

Эмдиги жылы Кара Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата жасаган кайрылуусунда билдирди.

«Мамлекеттүүлүк демекчи, буюрса, эмдиги жылы элибиздин туруктуу аймактык, экономикалык жана маданий жактан жалпы биригүүсүнө өбөлгө түзгөн, социалдык-экономикалык кайра түзүү жана элди бирдиктүү бир улутка бириктирүү процесстерин тездеткен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде белгилейбиз. Ушуга байланыштуу мен «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыкка кол койдум. Басып өткөн тарыхыбызда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусун, анын түптөлүшүнүн оңойго турбаганын кийинки муун сөзсүз билиши зарыл», — деди мамлекет башчысы.

1918-жылы мурдагы Түркстан генерал-губернаторлугу Түркстан автономиялуу советтик социалисттик республикасы түзүлгөн.

Түркстан АССРдин партиялык жана советтик уюмдарында Орто Азиянын улуттук-аймактык бөлүштүрүшү маселеси 1920-жылдан тарта көтөрүлө баштаган.

1924-жылы 24-октябрда Түркстан АССРинин курамындагы кыргыздар Орусия советтик федеративдик социалисттик республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара Кыргыз автономиялуу облусу болуп түзүлгөн. 1925-жылы май айында ал Кыргыз автономиялуу облусу болуп өзгөртүлгөн.

1926-жылы Кыргыз автономиялуу республикасы, 1936-жылы СССРдин курамындагы советтик социалисттик республика макамын алган. 1991-жылы СССР тарагандан кийин Кыргыз Республикасы эгемендигин жарыялаган.

Кара Кыргыз автонмиялуу облусу Пишпек (20 болуштук), Каракол-Нарын (16 болуштук), Ош (20 болуштук), Жалал-Абад (10 болуштук) кантондорунан түзүлүп, 6 шаар, 321 айыл-кыштак, 5 хуторду камтыган.