Марал Радиосу

Бишкекте Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы белгиленди

Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Эл Баатыры, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин акыркы жетекчиси Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы белгиленди.

Салтанатка Президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, саясий-коомдук, маданий ишмерлер катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Абсамат Масалиевдин ысымы ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө тазалык менен аруулуктун, абийир менен ар-намыстын, элге адилет кызмат кылуунун символу катары сакталып каларын белгилеп өттү.

Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде Кадамжай районунун Алыш кыштагында төрөлгөн.

Алгач Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун, андан кийин Москвадагы Сталин атындагы тоо-кен институтун аяктаган. Алгачкы эмгек жолун Кызыл-Кыя көмүр кенинен баштаган.

1961-жылы Ош облустук комитетинин өнөр жай жана транспорт бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалган. 1962-1964-жылдары Алматыдагы Жогорку партиялык мектепте окуган. Ушундан тарта анын мамлекеттик-саясий ишмердиги башталган.

1985-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине биринчи катчы болуп бекитилип, кыргыз мамлекетин эгемендик алганга чейин жетектеген.

2004-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында көз жумган.