Марал Радиосу

Израил Газадагы Насера ооруканасына сокку уруп, 8 адам каза тапты

Израиль Куралдуу күчтөрү Газадагы Насера медициналык комплексине сокку уруп, кеминде 8 адам каза тапты. Маалыматты Al Jazeera медиакомпаниясы сайтына жазды.

Ооруканаларга сокку кечээ, 6-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дө урулган. Палестина Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка караганда, каза тапкандардан тышкары бир канча адам жаракат алган.

Медициналык комплексте Ал-Насер балдар ооруканасы, Рантиси адистештирилген клиникасы, офтальмология, психиатриалык борбор болгон. Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Сулейман Кауддун айтымында, Израил армиясы сокку урардан бир күн мурун айрым дарыгерлерге телефон чалып, чабуул жасай турганын эскертишкен.

Алгачкы ракета психиатриялык оорукана менен адистештирилген клиниканын ортосуна түшкөн. Андан 35 адам жаракат алган. Экинчи ракета комплекстин балдар ооруканасы жайгашкан түндүк-чыгышына, үчүнчү ракета качкын палестиндер убактылуу баш калкалап жатышкан түштүк-чыгышына атылган.

Айта кетсек, Израил-ХАМАС согушунан Газадагы 35 оорукананын 16сы, 72 баштапкы медициналык жардам көрсөтүүчү борбордун 51и ишин токтоткон.

Израил армиясы буга чейин да Газадагы Ал-Ахли ооруканасына сокку уруп, 471 адам каза тапкан.

Палестина: Газадагы ооруканага чабуулдан 471 адам каза болду