Марал Радиосу

Аалымдар Кеңеши: Палестинага жихадга чакыргандарга азгырылбагыла

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши Палестина боюнча билдирүү таратты.  Анда Аалымдар Кеңеши айрым топтордун «Палестинага жихадга баралы» деген азгырыктарына алданбоого чакырып, палестиналыктарга руханий жана акчалай жардам көрсөтүү жолун тандоо зарылдыгын эскерткен.

Билдирүү толугу менен берилет:

«Мээримдүү жана ырайымдуу Алла Тааланын ысымы менен баштайбыз.

Урматтуу мекендештер, урматтуу мусулман бир туугандар!
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кенеши жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Израиль өлкөсүнүн Палестинанын карапайым калкына каршы жасап жаткан согуштук кыргынын адамзаттык кылмыш деп айыптайбыз. Мусулман дүйнөсүнө Кудай Таалам өзү жар болсун, өзү колдосун. Бул кайгы бир гана палестиналыктардын эмес, бүт дүйнөдөгү мусулмандардын кайгысы болууда. Болуп жаткан согуштун ырайымсыздыгын дүйнө элдери айыптап, тезирээк токтотууну талап кылышууда. Биз, Кыргызстан өлкөсү географиялык жактан алыс жайгашканыбызга байланыштуу, моралдык жана материалдык жардамыбызды берүүнү туура деп чечтик. Ошондуктан эл чогулган жерлерде, мечит-медреселерде, жума намазга келген жамааттар менен, жадагалса ар бир мусулмандын жеке ибадаттарында Палестина эли үчүн дуба кылууга чакырабыз. Эң негизгиси, материалдык жардам көрсөтүү шариятыбыздын учурдагы абалга карата мойнубузга жүктөгөн талабы болуп саналат.
Урматтуу кыргызстандыктар, Палестина калкына карата жарыяланган каргашалуу согушка байланыштуу соцтармактарда ар кандай чакырыктар жайылып жатат. Аталган чакырыктарды аалымдарыбыз иликтеп чыгышты. Жыйынтыгында мусулман бир туугандарыбызга болгон жардамыбыз руханий жана материалдык болууга тийиш деген бүтүмгө келдик. Ошондуктан эмоциалдык сезимдерге алдырып жеке же кандайдыр бир уюшкан топтор менен бирге жихад деген ниетте Палестинага баруу шарияттык эрежелерге сыйбайт деп эсептейбиз.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши»

Exit mobile version