Марал Радиосу

Боом капчыгайындагы унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Боом капчыгайындагы бөлүгүндө 6-10-ноябрь күндөрү каттамдарга убактылуу чектөө киргизилет.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдиргендей, чектөө таштарды тазалоо иштери менен байланыштуу.

«Мекеме бул күндөрү темир жолдун 3898-3899-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт. Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Боомдогу жолду жарым-жартылай тоскондон кийин тазалоо иштери 09.00-15.00го чейинки убакыт аралыгында жүргүзүлөт. Ошол маалда каттам бир тилкеде гана болуп турат», — деп жазылган маалыматта.

Exit mobile version