Марал Радиосу

Ноябрда беш күн катары менен дем алыш болот

Ноябрда кыргызстандыктар катары менен беш күн эс алат. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети бекиткен.

4-5-ноябрь календарь боюнча ишемби жана жекшембиге туура келет. 6-ноябрь дүйшөмбү күн демалыш деп кабыл алынган, бирок 11-ноябрь ишемби иш күнү болот.

Ал эми 7-8-ноябрда Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет.

Exit mobile version