Марал Радиосу

«Ата-эне төлөбөшү керек». Бала бакчалардагы ысык тамак маселеси кайра каралат

Жогорку Кеңештин 2-ноябрдагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо мамлекеттик бала бакчалардагы ысык тамактын акчасына байланыштуу маселе кайра каралып чыгарын айтты.

«Өткөндө парламентке «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоору келген. Анда ваучердик каржылоонун ичинде бала бакчалардагы ысык тамакты ата-эне каржылайт деген нерсе келип калыптыр. Азыр ошону парламенттеги социалдык комитети менен кайрадан алууну карап жатабыз. Мыйзамга кайра өзгөртүү киргизип, бала бакчаларда ысык тамакты ата-эне эмес, мамлекет каржылай тургандай милдеттенме киргизебиз» , — деди Самыйкожо.

Финансы министрлиги 1-ноябрда Кыргызстанда мындан ары бала бакчаларда балдардын тамактануусун уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырыларын билдирген.

Мекеме «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деген жүйө келтирген.