Марал Радиосу

Нарында бир жумада 585 айдоочу эреже бузуп кармалды

Нарын облустук Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы 23-октябрдан 30-октябрга чейин атайын рейд жүргүзүштү.

Анын жыйынтыгында жалпы облус боюнча эреже бузган 585 айдоочу кармалып, атайын протокол толтурулду.

— Эреже бузгандардын 12си ичип алып унаа айдаганы үчүн кармалган;

— 159у белгиленген ылдамдыктан ашыра айдаган;

— 196сы жол белгилерине карабай айдаган;

— 12си унаасын документи жок айдап жүргөн;

— 6 унаа техникалык каттоодон өткөн эмес;

— 2 унаага мыйзамсыз кошумча жабдык орнотуп алган;

— 2 айдоочу жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлердин тосконуна токтобой кетип калган.

Аны менен катар жолдо жүрүү эрежесин бузган 3 жөө адамга да айып салынган.

Бул унаалардын ичинен 35и атайын айып короого токтотулган.

Нарын облустук ЖКККБ мындай рейддер облус аймагында көбүрөөк өткөрүлүп турарын эскертет.

Exit mobile version