Марал Радиосу

Дагестандагы тополоңго катышкандардын жашаган жеринде тинтүү жүрүүдө

Дагестандагы башаламандыкка катышкандардын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүүдө. Кылмыш иши козголуп, ишти тергөө Орусия Тергөө комитетинин башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Дагестандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Махачкала аэропортундагы тополоңдо 20дан ашуун адам жарадар болгонун билдирди. Республикалык ооруканалардын дарыгерлери Махачкала аэропортундагы окуядан жабыркаган 10 кишиге жардам көрсөтүүдө.

29-октябрда бир нече миң адам Израилге каршы нааразылык акциясы менен Махачкала аэропортун басып алган. Чогулгандар Израилге жана Газа тилкесин бомбалоого каршы нааразылык билдирип, айрымдары жөөттөрдүн аймактан чыгарылышын талап кылышты.

Tut Dagestan телеграм каналы жазгандай, израилдик жарандарды издеп жүргөн демонстранттар аэропорттун имаратынан чыгып жаткан адамдардан документтерди талап кыла башташкан. Көп өтпөй эл имаратка кирип келген.

Exit mobile version