Марал Радиосу

ИИМ: Министрликтин кызматкери баңгизат менен кармалды (видео)

Министрликтердин биринин жетектөөчү адиси баңгизат ишине шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Келип түшкөн маалыматтын негизинде ИИМ кызматкерлери иликтөө жүргүзүү үчүн Бишкектин Манас проспектисиндеги турак үйлөрдүн бирине барышкан.

Ал жерден 1989-жылы туулган Ч.М.Т. аттуу адамды кармоо учурунда шектүү 8 даана тоголоктошкон кочкул жашыл затты ыргытып жиберген. Андан тышкары кызматтык иттин жардамы менен жашаган жерин тинтүүдө 10 даана баңгизат табылган.

Эксперттер бул тоголоктошкон заттар «ооган чарсы» аталып жүргөн кара куурайдын «гашиш» чайыры экенин тастыктап беришкен.

Учурда соттун чечими менен шектүү Бишкектеги тергөө абагына камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.

Exit mobile version