Казакстандагы көмүр шахтасында болгон жарылуудан көз жумгандардын саны 40тан ашты. Издөө иштери уланууда. «Азаттыктын» казак кызматынын маалыматына караганда, шахтада жалпы 1400 кызматкер иштечү. Кырсык болгон учурда 252 киши жер алдында иштеп жаткан. Алардын 206сы өз алдынча чыкканга жетишип, калгандары чыга албай калган. Алдын ала маалымат боюнча, жарылууга көмүр казанынан чыккан өрт себеп болгон.
Жарылуу 28-октябрга караган түнү «АрселорМиттал Темиртау» акционердик коомуна караштуу шахтада болгон. Президент Касым-Жомарт Токаев өкмөткө компания менен инвестициялык кызматташууну токтотууну тапшырды.
Токаев 29-октябрды каза болгон шахтерлор үчүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Каза болгон жана жабыркаган шахтерлордун үй-бүлөлөрү менен жолугуп, ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү убада кылды.
Президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Аклыбек Жапаров 29-октябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Караганда облусундагы көмүр кениндеги жарылуудан улам көңүл айтышты.