Марал Радиосу

3-ноябрда өлкө бюджети боюнча мыйзам долбоорлору талкууланат

3-ноябрда өлкөнүн 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө, Социалдык фонддун жана Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өтөт.

Ага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Жогорку Кеӊештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде өтө турган пардаменттик угуу саат 10:00дө башталат.

Exit mobile version