Марал Радиосу

Кумтөр кенинде кырсык болуп, бир адам каза болду

Кумтөр кенинде кырсыктын кесепетинен оор техниканын айдоочусу 1988-жылы туулган А.Б.К. каза болду.

Маалыматты «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын басма сөз кызматы тастыктады.

«Учурда окуянын себептерин иликтөө иштери жүрүп жатат. Кызматкердин үй-бүлөсүнө керектүү колдоо жана материалдык жардам көрсөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Кырсыктын себептери боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.