Марал Радиосу

Тогуз айда расмий жумушсуздардын саны 6,2% кыскарган

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын тогуз айында расмий жумушсуздардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,2% га кыскарган.

Жалпы жумушсуздуктун деңгээли 0,4% га төмөндөгөн. Жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек шаарында жана Чүй облусунда, эң жогорку деңгээли – Баткен жана Жалал-Абад облустарында сакталууда.

Жыл башынан бери ишке орноштуруу кызматтарына 119,6 миң адам кайрылып, дээрлик 70% эмгек жана иш менен камсыз кылуу мыйзамдары, кесип тандоо боюнча кесиптик жана кайра окутуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңештерди алышкан.