Марал Радиосу

Бишкекте 31-октябрдан тарта жылуулук берилет

Бишкекте 31-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Буйрукка шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Жылуулук берүү бир канча күнгө созулат. Эң алгач мектептер, оорукана, бала бакчалар, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин мурда керектелген жылуулук энергиясы үчүн карызы жок жана объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине бериле баштайт.