Марал Радиосу

ӨКМ: Куткаруучулар 3 баланы өрттөн аман алып чыгышты

Куткаруучулар 3 жаш баланы өрттөн аман алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө Октябрь райондук жана Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнөн кызматкерлер барган.

Куткаруучулар өрт чыккан батирде калган 3 жаш баланы жана ошол кабатта жашаган 8 адамды сыртка аман алып чыгышкан.

Өрт саат 12:37де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүлүп бүткөн. Тилсиз жоо 45 чарчы метр аянтка жайылган.